TÜRKİYEDE CENGİZ AYTMATOV PARKI AÇMAK İÇİN MÜZAKERE YAPILDI

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 9-октябрь күнү Анкаранын губернатору Васип Шахин менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Өмүралиев губернатор В. Шахинге Анкаранын борборунда “Чыңгыз Айтматов” атындагы сейил багын ачуу жана анын элесине арналган эстелик тургузуу маселесин колдоп коюу өтүнүчүн билдирди.

Андан тышкары, элчи Анкара шаарында эмгектенип жана жашап жаткан кыргыз жарандарына коопсуздук жагынан колдоо көрсөтүүсүн өтүндү.

Bovinya Perde Alanya

Bir cevap yazın

E-posta hesabınız yayımlanmayacak. Gerekli alanlar * ile işaretlenmişlerdir

×