KIRGIZİSTAN BÜYÜKELÇİSİ GÖÇ İDARE BAŞKANIYLA GÖRÜŞTÜ.

Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Ички иштер министирлигинин миграция башкармалыгынынбБашкы дирекциясынын жетекчиси Абдуллах Аяз менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КРнын жарандарынын Түркияда жүрүү жана алардын укутарын коргоо маселелерин талкуулап, эки мамлекеттин тиешелүү органдары тарабынан адам сатууну жана мыйзамсыз миграцияны алдын алуу боюнча алдын ала чараларды иштеп чыгуу жана көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгына көңүл бурушту.

“Андан тышкары, Түркияда жашап турууга укук алууда КР жарандары үчүн тарифтерди азайтуу маселеси талкууланды. Бул маселеге түрк тарап ТР каржы министрлиги тарабынан бекитилген тариф бардык чет элдиктер үчүн бирдей экенин жана өзгөртүлбөстүгүн белгиледи”, – деп айтылат маалыматта.

Bir cevap yazın

E-posta hesabınız yayımlanmayacak. Gerekli alanlar * ile işaretlenmişlerdir