КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫНЫН ТУРКИЯДАГЫ УКУК КӨРСӨТКҮЧҮ

Мазмуну:

  1. Туркияга келүүнүн себептери.
  • Сиз Туркияга иштөө максаты менен келип жатсаңыз, буларды билүүңүз зарыл.

1.1. Кыргызстанда туруп Туркияга иш визасыны алыш үчүн тапшырыла турган керектүү документтер.

  1. Эгер сиз Туркияга визасыз турист катары келип жатсаңыз, анда бул суроолорго жообуңуз даярбы?
  • Кыска мөөнөттүк виза алыш үчүн кандай документтер керек?

III. Өзгөчө кырдаалдар.

  1. Түрк элинин үрп-адаттарынын өзгөчөлүктөрү.
  2. Урматтуу мекендештерибизге кеңештер.
  3. Ийгиликтин эрте кечи жок.

VII. Жаңыдан.

Астыңыздагы макала Туркияга келген кыргыз жарандары үчүн атайын даярдалды. Элибизде “Сөз атасы кулак, жол атасы туяк” дгендей, уруксат бериңиздер. Туркияга келүүнүн жол-эрежелери, керектүү документтер, өзгөчө кырдаалдарда кайрылуучу жайлар, кыска чындык окуялар жана башкалар жөнүндө маалымат берели.

“Жети өлчөп бир кес”

  1. Туркияга келүүнүн себептери:
  1. Иштөө максатында – иш визасы (çalışma izni)
  2. Эс алуу (турист) максатында – визасыз (үч айлык);
  3. Билим алуу максатында – студенттик виза;
  • Сиз Туркияга иштөө максаты менен келип жатсаңыз, буларды билүүңүз зарыл:
  • Тууган-туушкан, достордон, кошунаңыздан же башка айлана-чөйрөңүздөкү адамдардан “жумуш бар” деген кабар келип калса, маалыматты такташыңыз керек;
  • Башка булактардан андай жумуш чындап эле барбы же жокпу, так ошол айтылган жумушта иштейсизби, мунун баарын тактап алганыңыз оң болот.
  • Иштей турган жумушуңуз коопсузбу, ишеничтүүбү?
  • Туристтик агентстволордон келген жарнамаларды текшерип бир чечимге келиңиз. Социалдык тармактарда (интернет сайттар) чындыкка дал келбеген жарыялардан этият болуңуз;
  • Келээрден мурда Туркия калкынын үрп-адаттары, салттары, маданияты жөнүндө аз да болсо маалымат алып келсеңиз – түрк калкы менен тил табышканга жеңилдиктерди жаратат.

Эскертүү! Туркияга визасыз кирүү жалаң туристик максат (же болбосо 3 айлык мөөнөттү ашпаган убакыт үчүн) менен келгендерге тиешелүү. Эгерде иштөө максатында келсеңиз, анда иштөөгө уруксат документини алышыныз керек. Иш визасыны Кыргызстандан Бишкекетеги Туркиянын консулдугу аркылуу алууга же болбосо Туркияга келгенден кийин Туркия Республикасынын Миграциялык башкармалыгы аркылуу алууга болот.

1.1. Кыргызстанда туруп Туркияга иш визасыны алыш үчүн тапшырыла турган керектүү документтер?

  • Туркиядагы иш берүүчүңүз менен эмгек келишимини түзөсүз (İş sözleşmesi)
  • Иш берүүчүнүн чакыруу каты, эмгек келишими ж.б. керектүү документтерди (сүрөт, паспорттун көчүрмөсү) Туркиянын Бишкектеги консолдук кызматына бересиз.
  • Документтериңизди консолдукка тапшыргандан кийин, консолдук тарабындан он күн ичинде Туркиянын Эмгек жана социалдык коопсуздук министирлигине документтер жөнөтүлөт.
  • Эми жумушка уруксат кагазыңыздын чыгуусун күтөсүз (отуз күн ичинде келет)
  • Уруксат кагазыңыз чыкканда, элчиликке барып ала бересиз.
  • Бул документ Туркияда убактылуу калганга да уруксат берет (ikamet)
  • Эми учакка билетиңизди ала берсеңиз болот. Жолуңуз шыдыр, жолдошуңуз Кыдыр болсун!
  1. Эгерде Туркияга визасыз (турист) келип жатсаңыз, анда бул суроолорго жообуңуз даярбы?
  • Туркияга алып кире турган оокаттарыңыз Туркиянын жана эл аралык бажы стандарттарына жооп береби? Саны жана салмагы менен ашыкча болбойбу? Сөзсүз тактаңыз.
  • Аэропортто тосуп ала турган кишиңиз барбы?
  • Керектүү маалда кайда/кимге кайрылууну билесизби?
  • Түрк тууган элинин маданиятын, бул коомдо өзүн-өзү алып жүрүүнүн, бирөөгө мамиле жасоо жана жүрүм-турум эрежелерин билесизби?
  • Туркияга визасыз келгенден кийин 90 күндү откөрбөстөн Туркияда кыска мөөнөттүк жашоого уруксат (Oturma izni, жалпысында 1 жылдык мөөнөттү ашпайт) документини алышыңыз керектигини билесизби?
  • Визасыз режим менен келип 90 күн өтүп кеткенден кетсе айып пул төлөөгө мажбур болосуз.
  • Берилген мөөнөттү ашкандан кийин кыска мөөнөттүк калууга уруксат алуу үчүн керектүү документтерди топтооңуз зарыл.
  • Кыска мөөнөттүк виза алыш үчүн кандай документтер керек?
  • Миграция башкармалыгынын расмий сайтынан (www.eikamet.goc.gov.tr) керектүү форманы толтуруу
  • 4 сүрөт
  • Паспорт
  • Паспортуңуздагы Туркияга акыркы киришиңизди көрсөткөн мөөрү (печать) беттин көчүрмөсү
  • Кала турган убакытыңыз боюнча жетиштүү материалдык булагыңызды тастыктоо
  • Медициналык камсыздандыруу (страховка)
  • Жашаган адресиңизден справка
  • Кыска мөөнөттүк визанын убакыты 3, 6 же 12 айга чейин болушу мүмкүн.
  • Документтериңиз даяр болгондон кийин Миграциялык башкармалыгына (Göç İdaresi, ар бир шаарда өкүлчүлүктөрү бар) барып тапшырыңыз.

Эскертүү! Туркиянын №4817 “Чет элдиктердин иштөөгө уруксаты жөнүндө мыйзамына” (Yabancıların Çalışma İzinleri Hakkında Kanun) ылайык иш визасы жок иштеген чет элдиктерге 550 лира административдик айып пулу (штраф) салынат. Экинчи кез кайталанса айып бул эки эсеге көбөйтүлөт.

III. Өзгөчө кырдаалдар

  1. Өзгөчө кырдаалдарда кайрылуучу жайлар

«Сак жүргөн–кор болбойт» деген экен бабаларыбыз, бирок жашоодо ар кандай кырдаалдар болуп калат. Кыйын абалга учурасаңыз, төмөнкү номерлерге дароо чалыңыз. Туркия укуктук өлкө катары Кыргызстан мүчө болгон эл аралык укук келишимдерини кабыл алган. Туркия өзүнүн мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерге ылайык чет элдик жарандардын укуктарыны коргоого милдет алган. Башыңызга бир кооптуу иш келсе, 24 саат төмөнкү номерлерге эч тартынбай акысыз чалсаңыздар болот:

  • Кыргыз Республикасынын Анкарадагы Элчилиги:  (+90 312) 491 35 06/07, +90 534 421 95 33, [email protected]
  • Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы Генералдык Консулдугу: (+90 212) 235 67 67, [email protected]
  • Полиция (Polis): 155
  • Жандармерия (шаар сыртындагы полиция кызматкерлери): 156
  • Медициналык тез жардам: 112
  • Өрт өчүргүчтөр (пожарный): 110
  • Муниципалдык полиция: 153
  • Миграция башкармалыгы (Göç idaresi): 157
  • Үй-бүлөлүк жана жаш балдарга зомбулуктарга каршы жардам: 183, 444 43 06
  • BIMER, мамлекеттик органдарга каршы даттануулар үчүн: 150
  • Коомдук жардам: 144
  • Наркотик жана чылым (сигарет) чегүүдөн арылуу үчүн жардам: 171

Төмөндөгүдөй кылмыштардын курмандыктары болсоңуз Башкы прокуратурага (Yargıtay Başsavcılığı)  арыз жазыңыз:

Бажы кылмыштары

Зордук-зомбулук

Коркутуп акча өндүрүү (шантаж)

Адам сатуу

Жеке менчигине кол салуу (уурулук)

Жыныстык катнашка мажбурлоо

Сойкулукка үндөө

Паспортту алып коюп эркиндикен ажыратуу

“Ак эмгектин нанын татуу”

  1. Түрк элинин үрп адаттарынын өзгөчөлүктөрү
  • Түркия таанымал, ошол эле учурда табышмактарга бай өлкө.
  • Боордош калк, салтты мыкты карманган коом, ошондуктан жүрүм-турумуңуз, кийим-кечеңиз коомдун талабына ылайык болгону жергиликтүү калкка сый-урмат катары кабыл алынат.
  • Келээрден мурда жергиликтүү элдин маданиятын кыскача да болсо билип келиңиз.
  • Түрк эли – тууган эл, бтрок көптөгөн окшоштуктарыбыз болгону менен кээ бир айырмачылыктар да жок эмес.
  • Түркияда көпчүлүктүн карманган дини-Ислам блуп саналат.. Ошондуктан бул өлкөдө өзүңүзду алып жүрүүнүн, бирөөгө мамиле жасоонун, адептүүлүктүн жана жүрүм – турумдун эрежелерин сактооңузда пайда бар.

“Акыл кеп-өмүргө эшик ачат”

  1. Урматтуу мекендештерибизге кеңештер
  • Кыргыз Республикасынын элчилигинин консолдук каттоосунан өтүп коюңуз. Каттоо көп ишиңизге жардам берет. Мисалы, паспортуңузду жоготуп алсаңыз, анын ордуна жараган расмий кагаз берилет. Аны менен Кыргызстанга чыга аласыз.
  • Түркиянын чоң шаарларында кыргыздардын коомдук бирикмелери (dernek) бар. Ошол коомдор аркылуу оюн-зоок, концерттик программалар, экскурсиялар, улуттук майрамдарда иш-чаралар өткөрүлүп турат.
  • Социалдык тармактарда (Facebook, İnstagram, Whatsapp, Odnoklassniki) Туркиядагы мекендештердин ар түрдүү группалары бар. Ошол группалар аркылуу ар кандай маалыматтарды, иш мүмкүнчүлүктөрүнү алсаңыздар болот. Ошондой Туркиядагы маселелериңизге байланыштуу суроолоруңузга жооп ала аласыз.
  1. Ийгиликтин эрте кечи жок

Илгери – илгери өткөн заманда… деп баштагым келет эле, а  бирок жашоом эч жомокко окшободу. Ай, окурман, айтоор көп сөзүм бар, кайсы биринен баштайын? Көз ачып жумганча Түркияда болуп калдым. Бир катанын айынан башталды бардыгы. Эрке жаным кара жумушка көнгөн эмес эле. Төрт–беш адал жумушту жактырбастан таштадым, анча–мынча тапкан акчамды кийим-кече, кафе, дискотекаларга чачтым. Аягында батир ижарасына каражатым калбады, паркта ыйлап отурган кезде, капыстан Динара эже менен тааныштым. Таанышпас болсомчу! Эми сиз түшүндүңүз да кандай «жумуш» болгонун. Турмуштун ачуусун көрдүм… көрбөс болсомчу! Эх, көтөрө алгыс каталарым, айтылгыс жаңылыштарым… Пенде оңойун тандайт турбайбы. Адам баласы жамандыктын босогосун аттагандан кийин көнүп кетет экен да. Ушул жерден көнбөй туруп өзүңдү өзүң сууруп чыкпасаң калып кетет экенсиң. Оңой эмес, күчтүү эрк керек. Эсимдин жыйылуусуна кандай окуя себеп болгонун билесизби? Бир нерсе болуп, мекендештер менен эс алууга Изник шаарына барып калдык. Ал жерде курман болгон ата-бабаларыбызга куран окулду. Ошондо гана эчак унутулган Жаратканды эстедим. Адал жолдо жүргөн эжелер, теңтуш студенттерди көрүп, өзүмө-өзүм өтө өкүндүм. Мен дагы балалык кыялымдын артынан эмнеге ээрчибедим? Кыялымда–мугалим кесиби бар эмес беле. Ичим ачышып, көз алдыма биринчи жаман кадамым келди. Ойлонсом, жашоону жаңыдан баштоо эч качан кеч эмес турбайбы. Бүттү! Чекит койдум! Студент кыздар менен кеңешип жогорку окуу жайына документтерди даярдай баштадым. Даярдандым, күнү-түнү сабак окудум. Аракетке–берекет турбайбы, университетке өттүм. 4 жыл байкалбастан учуп кетти, мына эми көптөн күткөн учур жаркырап кирип келди. Кудайга миң мертебе ыраазымын. Кеч болбостон арам жолдон артка кайтууга күч-кубат берди. Ошондой эле бул жерде мени коноктогон, билимдин улуулугун түшүндүргөн, акыл менен өз жолумду тапканга жардам берген түрк тууган калкына ыракматымды айтамын. Окуп жатканда, кечинде идиш-аяк жуудум, пол жуудум, бала карадым, ар түрдүү кара жумуштарды кылдым, а бирок «ак эмгек азаптан коргойт» деген чын турбайбы. Бейпил көңүлүм менен ата-мекениме кайттым. Ата-энемди, жайлоомду беш жылдан бери көрө элек элем. Учактан түшүп, кеңири дем алдым, жаш баладай сүйүндүм, ар бир нерсе жакын көрүндү көзүмө. Кыялымдагы ишти тандап, айылда мугалим болуп кала бердим. Айрыкча, мектептеги биринчи махабатымды жолуктурдум. Үй-бүлө куруп, бала-чакалуу болдум… Билесизби, чынын айтсам, азыр жашоомду жыйынтыктасам… жашоом жаман башталып, жакшы бүткөн жомок эле болуптур… Иши көңүлдүү болгондун, эгини түшүмдүү болот. (Туркияда чындап болгон бир эженин окуясы. Аттар өзгөртүлүп берилген.)

Bir cevap yazın

E-posta hesabınız yayımlanmayacak. Gerekli alanlar * ile işaretlenmişlerdir