Жалкоолук менен кантип күрөшүү керек?

Жалкоолук кокустан келе турган өзгөчөлүк. Депрессия, чарчоо, витаминдердин жетишпестиги жалкоолукка шылтоо боло алабы?

Жумуш, сабак, үй жыйнап жана дүкөн аралап олтуруп бат эле чарчап калабыз.Бул нерсенин алдын алуучу жолдор бар.

Дем алуу сааты

24 сааттын бир саатын өзүңүзгө арнаңыз. Ал убакытта дем алыңыз, ойлонуңуз, өзүңүздү тилдеңиз.

Шылтоо издебеңиз

Атайын дем алууга шылтоо жок. Мээңизди эс алдырууну кааласаңыз, ашыкча ойлонуудан алыс болуңуз. Жай гана убакыт таап, бираз дем алууну адатка айлантыңыз.

Өзүңүздү күнөөлүү сезбеңиз

Бирөөнүн жумуштагы жетишкендиктерин, эс алып келген саякаттарын көрүп, өзүңүздү эч качан күнөөлөбөңүз. Башкача айтканда мен эмнеге бара албайм дебеңиз. Бир эле убакытта бир нече жумушту аткаруу кыйын, ошондуктан алгач бир иштин майын чыгара аткаргандан кийин, кийинки жумушка өтүңүз.

Оңой жол издеңиз

Бир нерсеге кызыгууда эң оңой жана өзүңүзгө жага турганын тандаңыз. Жумуш учурунда өзүңүзгө 5 мүнөттүк тыныгуу жарыялап туруңуз.

Айрым учурда өзүңүзгө беш мүнөт тыныгуу жарыялоо сизди депрессиядан куткарбайт, демек маселе башкада деп ойлой бериңиз.

Bir cevap yazın

E-posta hesabınız yayımlanmayacak. Gerekli alanlar * ile işaretlenmişlerdir