Япония жакынкы беш жыл ичинде 350 миңге чукул жумушчу визасын бергени жатат

Кыргыз жарандарын Японияга жумушка тартуу тууралуу Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Япониянын Юстиция министри Кацуюки Каваи менен жолугушуусунда талкууланды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Айдарбеков япон компанияларында иштөө үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын дарамети жөнүндө айтып берди. Ал 2018-жылдын декабрында Иммиграциялык контролдо жана качкындар жөнүндө мыйзамга толуктоолор киргизилгендигин, ага ылайык 2019-жылдын 1-апрелинен тартып Япония “1-атайын көндүмдөр” жана “2-атайын көндүмдөр” деген визалардын эки жаңы категориясын киргизгендигин айтып өттү. Ал Кыргыз тарап жогоруда айтылган категориядагы визаларды берүүнүн талаптарына ылайык кадрларды даярдоо боюнча ишти жүргүзүп жаткандыгын билдирди. Ага удаа Кыргыз өлкөсүнүн Япониядагы элчилиги Кыргыз Республикасынын эмгектик резервдери жөнүндө маалыматты япон компанияларынын арасында таркатуу боюнча кеңири ишти жүргүзүүдө. Аны менен бирге Айдарбеков Кыргыз жарандары үчүн визалардын жаңы категорияларын киргизүүнүн мөөнөттөрү жана шарттары боюнча япон тарабынын пландары жөнүндө кызыкты.

Каваи аталган визалардын категориялары 2019-жылдын 1-апрелинен тартып киргизилгендигин тастыктады. Ал жаңы эрежелердин алкагында 5 жыл аралыгында курулуш, кызмат көрсөтүү, автомобилдерди тейлөө чөйрөсүндө жумуштар үчүн 345 150 виза берүү пландалып жаткандыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар жумушчу деңгээлде консультацияларды улантууну макулдашты.

Bir cevap yazın

E-posta hesabınız yayımlanmayacak. Gerekli alanlar * ile işaretlenmişlerdir